• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өткөн жылы Соцфонддун жалпы кирешеси 62 млрд 554 млн сомду түздү

Экономика 0

Бишкек, 29.03.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. 2021-жылы Социалдык фонддун жалпы кирешеси 62 млрд 554 млн сомду түздү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Социалдык фонддун төрагасынын биринчи орун басары Теңизбек Абжапаров билдирди.

Анын айтымында, бул көрсөткүч 2020-жылга салыштырмалуу 6 млрд 500 млн сомго көбүрөөк, башкача айтканда, каражат 111,6 пайызга көп жыйналды.

“Камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча жалпысынан 38 млрд 356 млн сом жыйналган. Пландын аткарылышы 100,5 пайызды түзүп, андан мурунку жылга салыштырмалуу 5 млрд 180 млн сомго өсүү болду. 2021-жылдын жыйынтыгы менен Соцфонд Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондун 2 млрд 742 млн сомго, Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондун 212 млн сомго каржылады”, - дейт ал.

Абжапаров кошумчалагандай, өткөн жылы Соцфонддун бюджети 1 млрд 795 млн сом профицит менен аяктады.

Пикир

Оставить комментарий