• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Былтыр Кыргызстанда көмүрдү казып алуу 23% көбөйгөн

Экономика 0

Бишкек, 11.04.19. /Кабар/. Былтыр Кыргызстанда 431 миң тонна көмүр казып алынып, 2017-жылга караганда казып алуу 23%га көбөйгөн. Бул тууралуу Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Жыргалбек Сагынбаев билдирди.

Сагынбаев билдиргендей, 2018-жылы таш көмүр жана күрөң көмүрдү казып алуу боюнча өнөр-жай продукциясынын көлөмү 2 млрд. 893 млн. сомду түзүп, ошол эле учурда 2 млн. 306,4 миң тонна көмүр казып алынган (2017-жылга караганда 23%га көп).

Көмүр казып алуу боюнча 2018-жыл менен 2017-жылды салыштырган көрсөткүчтөр:

- Нарын облусу – 1 млн. 66,6 миң тонна, 201,3 миң тоннага көбөйгөн (123,3%);

- Баткен облусу – 385,6 миң тонна, 156 миң тоннага көбөйгөн (168%);

- Ош облусу – 706,8 миң тонна, 56,5 миң тоннага көбөйгөн (108,7%);

- Жалал-Абад облусу – 147,7 миң тонна, 17 миң тоннага көбөйгөн (131,1%).

Пикир

Оставить комментарий