• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

2024-жылы Мамипотекалык компаниянын уставдык капиталы 179 млн долларга көбөйөт

Экономика 0

Бишкек, 22.12.23. /Кабар/. Келерки жылдын I жана II кварталында Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) эсебине 100 млн доллар которулат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКнын башкармалыгынын төрагасынын орун басары Амантур Өмүров билдирди.

Анын айтымында, бул «Кыргызстандагы турак жайды каржылоо» долбоору боюнча макулдашуунун алкагында Сауд өнүктүрүү фонду тарабынан бөлүнгөн каражат.

“Мындан тышкары, эмдиги жылы Азия өнүктүрүү банкы тарабынан бөлүнгөн 79 млн АКШ доллары келип түшөт”, - деди ал.

Ал белгилегендей, бүгүнкү күндө уставдык капитал 15,5 млрд сомду түзүп, келечекте донордук каражаттарды тартуу менен дагы көбөйөт.

Пикир

Оставить комментарий