• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Коррупция менен күрөшүү боюнча бирдиктүү эсепке 1 млрд. сомдон ашык каражат которулду

Экономика 0

Бишкек, 19.02.19. /Кабар/. Финансы министрлигинин Борбордук казыначылыгынын маалыматы боюнча, 2019-жылды8 18-февралына карата экономикалык жана кызматтык кылмыштар жөнүндө кылмыш иштери боюнча мамлекетке келтирилген зыяндан орду толтурулган акча каражаттарды сактоо жана каттоо үчүн ачылган бирдиктүү депозиттик эсепке 1 млрд. 52 млн. 665 миң сом которулган.

Анын ичинен:

- 497 млн. 916,1 миң сом Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы тарабынан которулган;
- 194 млн. 905,5 миң сом Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы тарабынан которулган;
- 357 млн. 657,7 миң сом КРнын Башкы прокуратурасы тарабынан которулган;
- 2 млн 185,6 миң сом Ички иштер министрлиги тарабынан которулган.

Пикир

Оставить комментарий