• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте Энергетика министрлигине атайын жабдууларды тапшыруу аземи өттү

Коом 0

Бишкек, 22.12.23. /Кабар/. Бишкекте Энергетика министрлигине атайын жабдууларды тапшыруу аземи өттү. Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана энергетика министри Таалайбек Ибраев каташты.

Кыргызстандын Энергетика кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө Акылбек Жапаров президенттин жана министрлер кабинетинин атынан өлкөнүн энергетиктерин кесиптик майрамы менен куттуктап, чың ден соолук жана бакубатчылык каалады.

Акылбек Жапаров өз сөзүндө энергетика тармагында реформалар жүргүзүлгөнүн белгиледи. Энергохолдинг жоюлуп, өлкөнүн отун-энергетикалык комплекси жана энергетикалык коопсуздугу жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты толугу менен жүргүзгөн Энергетика министрлиги түзүлдү. Мамлекет башчысынын тапшырмасы боюнча жеке ортомчу энергетикалык компаниялардын саны 28ден 12ге чейин кыскартылды. Энергияны башкаруу системасын реструктуризациялоо аяктады: 4 бөлүштүрүүчү компания (РЭК) КУЭТ менен бириктирилип, бир компания түзүлдү. Эми баардык абоненттерди электр энергиясы менен камсыздоого бир компания толугу менен жооп берет.

Анын айтымында, 2024-жылы өлкөнүн энергетика тармагына 74,9 миллиард сом бөлүнөт.

«Электр энергиясын өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүү максатында президент энергетика тармагына өзгөчө кырдаал киргизген. Негизги максат – электр станцияларын курууну тездетүү жана электр энергиясын өндүрүүнү көбөйтүү, өлкөбүздү электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу жана 2026-жылы электр энергиясын ашыкча жана экспортко жеткирүү. 2031-жылга чейин 10 жылдын ичинде 3,8 миң мегаваттка чейин кошумча кубаттуулуктарды ишке киргизебиз», - деди Акылбек Жапаров.

Өз сөзүндө министрлер кабинетинин төрагасы тармактын ардагерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

"Сиздердин эмгегиңиздер менен Үч-Коргон, Токтогул, Күрп-Сай, Таш-Көмүр, Шамалды-Сай ГЭСтери, Камбар-Ата ГЭС-2, Бишкек, Ош ТЭЦтери курулду. Дал ушул биздин ГЭСтер Кыргызстандын эле эмес, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн энергия булагына айланып, Кыргызстандын энергетикалык-экономикалык байлыгына айланган. Сиздер баштаган жолду бүгүнкү энергетиктер татыктуу улантып жатканын белгилегим келет", - деди ал.

Энергетика министрлигине атайын жабдууларды тапшыруу аземине министрлер кабинетинин башчысы да катышты.

Акылбек Жапаров белгилегендей, 2 жыл ичинде энергетика тармагына 261 даана атайын техникалар: 124 даана электр станцияларына, 73 даана “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасына сатылып алынган. Анын ичинен 2023-жылы 178 техника сатып алынып, ага 814,2 млн сом бөлүнгөн.

2024-жылы министрлик 1 миллиард сомго жакын дагы 252 атайын техника сатып алууну пландап жатат.

Пикир

Оставить комментарий