• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

2022-жылы Энергетика министрлигине 9,53 млрд сом каралган

Экономика 0

Бишкек, 24.01.23. /Кабар/. 2022-жылы КР Энергетика министрлигине 9 млрд 530 млн 400 миң сом өлчөмүндө каражат каралган. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

- бюджеттик каражаттар 1705,6 млн сом;

- атайын эсептин каражаттары 24,4 млн сом;

- мамлекеттик инвестиция 7800,4 млн сом.

"2022-жылга республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден каржыланган мекемелер тарабынан керектелген электр энергиясынын чыгымдарын жабууга жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга 831,2 млн сом каралган", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, 2022-жылы бюджеттик кредиттер 10 млрд 567,5 млн сом өлчөмүндө такталып, 100% каржыланган.

Пикир

Оставить комментарий