• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ноокатта мраморду кайра иштетүү боюнча цех курулат

Экономика 0

Бишкек, 13.05.19. /Кабар/. КРнын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Ош облусунун Ноокат районунун Жаӊы-Ноокат айыл аймагынын Жандама айылында жайгашкан жерлерди «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер» категориясына которуу жөнүндө токтомго кол койгон.

Аталган документке жараша, КРнын Жер кодексинин 20-беренесине, «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» КРнын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Ош облусунун Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 2018-жылдын 18-апрелиндеги № 3 токтомун, Ош облусунун Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-апрелиндеги № 39 токтомун, Ош облусунун Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2018-жылдын 2-майындагы № 22 токтомун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2018-жылдын 10-майындагы № 310-б буйругун эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районунун Жаӊы-Ноокат айыл аймагында жайгашкан Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондуна таандык болгон 866 жана 872-контурларында жайгашкан 3,5 га кысыр аңыз жери мраморду кайра иштетүү боюнча цехти куруу үчүн «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер» категориясына которулсун.

2. Ош облусунун Ноокат райондук мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыздасын:

- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген ченемдерге ылайык, айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун жана алынбай калган пайданын наркынын суммасын төлөөнү;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жерлерди рекультивациялоо боюнча иш-чараларды өткөрүүнү;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлерге шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий