• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Былтыр өткөрүлгөн аукциондордон мамлекеттик бюджетке дээрлик 44 млн сом түштү

Экономика 0

Бишкек, 20.01.20. /Кабар/. Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети 2019–жылы 10 аукцион өткөрдү. Алардын жыйынтыгында мамлекеттик казынага 627 миң 535 АКШ доллары же 43 млн 613,7 миң сом түштү. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамалекеттик комитети 2020–жылга бир катар кенде сынак өткөрүүнү пландап жатат: Алар - Кадамжайдагы сурма кени, Ноокаттагы гипс кени, Туюк-Каргаша көмүр кени, Тегене көмүр кени, Сүлүктү “Поле 11” көмүр кени.

Комитеттин кошумчалашкандай, 2020-жылы 20 аукцион өткөрүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий