• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Сауд Арабиялык ишкерлер Кыргызстанга инвестиция салууга даяр

Экономика 0

Бишкек, 18.12.19. /Кабар/. Күн мурун Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусов Сауд Арабия королдугунун «AJLAN BROS FAMILY» компаниясынын өкүлдөрү – коомчулук менен байланышты түзүү директору Акрам Алхафаф жана Адеб Намби менен жолугушту.

КРнын тышкы саясий ведомствосунун басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуу Ташкент шаарында өткөн.

Анда тараптар Кыргызстандын текстиль тармагына ивестиция салуу маселелерин талкуулашкан.

«Компаниянын өкүлдөрү Кыргызстанда пахтаны иштетүү жана даяр продукцияны өндүрүү боюнча текстиль фабрикасын куруу жана аны толугу менен жабдууга кызыгуусун билдиришти. Жолугушуунун аягында долбоорду жүзөөгө ашыруу боюнча макулдашышты», - деп билдиришти министрликтен.

Маалымдама: Аталган компания классикалык эркектердин кийимин өндүрүү тармагында ишмердүүлүгүн алып барган алгылыктуу эл аралык корпорациясынын бири болуп саналат. Компаниянын капиталы 7 млрд АКШ долларын түзөт. Ошондой эле 25 мамлекеттин фонд рыногунда жана Сауд Арабия, Европа, Азия, АКШ жана Канаданын кыймылсыз мүлк тармагында олуттуу салымдары бар.

Пикир

Оставить комментарий