• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда май айында электр энергиясына тарифтер көтөрүлөт

Экономика 0

Бишкек, 19.03.24. /Кабар/. КР министрлер кабинети май айында электр энергиясына болгон тарифти жөнгө салууну пландоодо. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.

Документке ылайык, аталган токтом долбоорунун максаты жана милдети жетишсиздик шартында керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен ишенимдүү жана үзгүлтүксүз камсыздоо, ошондой эле электр менен жабдуучу уюмдардын чыгымдарынын ордун толтурууну камсыз кылуу болуп саналат.

Министрлер кабинетинин 2021-жылы 30-сентябрындагы №192 токтому менен 2021-2025-жылдарга электр энергиясына КРнын орто мөөнөттөгү тариф саясаты бекитилген.

Көрсөтүлгөн тариф саясатта 2025-жылга чейин бардык керектөөчүлөрдүн топтору үчүн инфляцияны жыл сайын корректировкалоо менен тарифтерди белгилөө каралган.

Белгилей кетүүчү жагдай, 2024-жылдын 1-июнунан тартып орто мөөнөттөгү тариф саясатына ылайык тарифтерди өзгөртүү каралган.

Энергетика тармагындагы каражаттын тартыштыгын жабууга кошумча каражаттарды алуу үчүн долбоор электр энергиясына тарифтерди тактоо мөөнөтүн 2024-жылдын 1-июнунан 2024-жылдын 1-майына жылдырууну сунуштайт.

Пикир

Оставить комментарий