• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Талас облусуна быйыл бюджеттен 192,8 млн сом бөлүнөт

Экономика 0

Бишкек, 24.03.23. /Кабар/. 2023-жылга республикалык бюджеттен Талас облусуна 192,8 млн сом каралат. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирет.

Райондор боюнча төмөндөгүдөй:

Талас району - 58,5 млн сом;
Бакай-Ата району - 37,4 млн сом;
Кара-Буура району - 86,4 млн сом;
Манас району - 10,5 млн сом.

Белгилей кетсек, Талас облусу боюнча 2022-жылдын ичинде республикалык бюджеттин эсебинен бюджеттер аралык трансферттер катары жалпысынан 191,7 млн сом акча каражаты каржыланган.

Пикир

Оставить комментарий