• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Салык кызматы «Бизнести агартуу кербени» долбоорун ишке киргизет

Экономика 0

Бишкек, 28.02.24. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы JIA Бизнес Ассоциациясы жана Экономика жана коммерция министрлиги менен биргеликте ишкерлерге маалыматтык колдоо көрсөтүү максатында «Бизнести агартууу кербени - салык реформасынын чакырыктары» долбоорун ишке киргизет.

Ведомстводон билдиришкендей, долбоордун алкагында бизнес-коомчулугу үчүн эң актуалдуу темаларды талкуулоо үчүн бир катар иш-чаралар пландаштырылган. Анын ичинде Салык кодексине киргизилген өзгөртүүлөр, чакан жана орто бизнес үчүн салык режимдер, ККМды, ЭТТКны, ЭЭФти колдонуу, салыктар жана социалдык камсыздандыруу боюнча электрондук отчетторду тапшыруу жана башка темалар каралат.

Ошондой эле катышуучулар салык кызматынын кызматкерлеринен жана Ишкердикти колдоо борборунун консультанттарынан жеке консультацияларды алышат.

Бизнести агартуу кербени төмөнкү жерлерде өткөрүлөт:

- 2024-жылдын 28-февралында Ош шаарындагы Ош мамлекеттик университетинде, толук маалымат: 0505 671 566;

-;2024-жылдын 29-февралында Жалал-Абад шаарындагы, Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинде, толук маалымат: 0700 333 367;

- 2024-жылдын 1-мартында Баткен шаарындагы, Баткен мамлекеттик университетинде, толук маалымат: 0773 221 010;

- 2024-жылдын 6-мартында Талас шаарындагы А.Огонбаев атындагы музыкалык мектебинде, толук маалымат: 0707 229 299;

- 2024-жылдын 12-мартында Нарын шаарындагы БАУнун Профессионалдык жана Үзгүлтүксүз билим берүү мектебинде, толук маалымат: 0502 230 496;

- 2024-жылдын 13-мартында Каракол шаарында, толук маалымат: 0222 063 646;

- Бишкек шаарында, толук маалымат: 0701 882 525.

Пикир

Оставить комментарий