• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Биз мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жаңы этабына өтүп жатабыз – Акылбек Жапаров

Өкмөт 0

Бишкек, 28.02.24. /Кабар/. Кыргызстан мамлекет тарабынан кызмат көрсөтүүнүн жаңы этабына өтүп жатат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Digital Kyrgyzstan эл аралык ПЛАС-форумунда билдирди.

Ал өткөн жылдын сентябрь айынан тарта транспортту онлайн каттоо киргизилгенин белгиледи. Эми унааны "Түндүк" мобилдик тиркемеси жана башка банктык тиркемелер аркылуу сатууга же сатып алууга болот.

"Жакында эле биз юридикалык жактарды онлайн каттоону ишке киргиздик. Эми сиз үйдөн чыкпастан эле юридикалык жакты түзө аласыз, кайра каттай аласыз, жоюуга болот жана каттоо Салык кызматында, Улуттук статистикалык комитетте жана Социалдык фонддо автоматтык түрдө жүргүзүлөт. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, мен биздин банктарды бул долбоорго катышууга чакырат элем, каттоо учурунда дароо банк эсебин ачууга болот”, - деди ал.

Ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасы 1-марттан тарта "Түндүк" тиркемеси аркылуу кыймылсыз мүлктү онлайн сатып алуу же сатуу иштери башталып жатканын айтты.

"Өзүңүздөр көрүп тургандай, биз ылдамдыкта бара жатабыз. Мамлекет бул кызматтарды бизнес менен бөлүшүүгө даяр. Биз бул кызматтар банктык платформаларда жана мобилдик капчыктарда жеткиликтүү болушун каалайбыз. Ушундай жол менен биз мамлекеттик кызматтарды дагы эффективдүү көрсөтө алабыз", - деди Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий