• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Минкаб ChatGPT`ни кыргыз тилинде түзө турган суперкомпьютерлерди жаңыртат

Өкмөт 0

Бишкек, 28.02.24. /Кабар/. КР министрлер кабинети быйыл суперкомпьютерлерди эң акыркы Nvidia линиясына жаңыртат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкекте өтүп жаткан "Digital Kyrgyzstan" эл аралык ПЛАС-форумунда сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

Ал түшүндургөндөй, иштеп чыгуучулар тил корпусунун негизинде жана бул суперкомпьютерлердин жардамы менен кыргыз ChatGPT (чат-жипити) түзө алышат.

"Биз бул жаатта IT коомчулугу менен биргеликте иштөөгө ачыкпыз", - деди ал.

Эскерте кетсек, КР президентинин администрациясы секундасына 1 квадриллион операцияны аткарууга мүмкүндүк берген кубаттуулугу 1 петафлопс болгон суперкомпьютерди сатып алган. Натыйжада Кыргызстандагы иштеп чыгуучулар кыргыз тилиндеги маалыматты иштеткен жасалма интеллект түзө алышты.

Пикир

Оставить комментарий