• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Абылгазиев: Жарандардын жүрүм-турумунун калыптанышына өзгөчө көңүл бурууга тийишпиз

Өкмөт 0

Бишкек, 09.01.19. /Кабар/. Биз жарандарда коомдук аң-сезимдин жана коомдо жүрүм-турум тажрыйбасынын калыптанышына өзгөчө көңүл бурууга тийишпиз. Айып салуу – бул объективдүү чара. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев айыптар тууралуу маселе каралып жаткан учурда кеңешменин жүрүшүндө билдирди.

Өкмөт башчы өсүп келе жаткан муундун тарбиясы үчүн коомдо жүрүм-турум эрежелерин өз балдарына сиңире турган ата-энелердин – улуулардын – чоң жоопкерчилиги бар экенин эскерте кетем деди.

"Элибиз ар дайым тазалыкты сүйгөн жана жаратылышка, айлана-чөйрөгө аяр мамилеси менен айырмаланып келген. Биз өсүп келе жаткан муунга туура үлгү көрсөтүүбүз керек. Кыргызстандыктардын аң-сезими өсүүдө жана өлкөбүздө шаарлар коопсуз, көчөлөр жана короо-жайлар таза болушу керек", - деп ырастады Мухаммедкалый Абылгазиев.

Кеңешменин жүрүшүндө Өкмөт башчыга Кыргыз Республикасынын күчүнө кирген Жазык кодексин, Жазык-процессуалдык, Жазык-аткаруу кодекстерин, Бузуулар жөнүндө кодексин жана Жоруктар жөнүндө кодексин ишке ашыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берилди.

Премьер-министр мурда жазалоо жагына басым жасалса, күчүнө кирген мыйзамдарда аларды гумандаштырууга басым жасалгандыгын белгиледи.

"Эгерде айрым ченемдер катаалдаштырылган болсо да, алар милдеттүү болуп саналат жана аларды өлкөнүн ар бир жараны аткарышы абзел. Жарандарыбыз жазадан эч кимдин кача албастыгын түшүнүүсү маанилүү", - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына калк арасында жаңы киргизүүлөрдүн маңызы тууралуу маалымдоо-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү, ошол эле учурда айыптарды башкаруунун так механизмдерин иштеп чыгууну тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий