• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров: Кыргызстанда инновациялык технологиялар борбору түзүлөт

Өкмөт 0

Бишкек, 28.02.24. /Кабар/. Кыргызстанда инновациялык технологияларды, анын ичинде жасалма интеллект жана кванттык эсептөөлөрдү иштеп чыгуу жана ишке ашыруу менен алектенген инновациялык технологиялар борбору түзүлөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Digital Kyrgyzstan” эл аралык ПЛАС-форумунда сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

Минкаб төрагасы белгилегендей, бул борбор өкмөттүк мекеме болуп эсептелет, ал мамлекеттик субсидия жана демөөрчүлөрдүн жардамы аркылуу каржыланат. Ал ошондой эле, Кыргызстанда бизнести өнүктүрүү жана жүргүзүү, ошондой эле жарандардын ыңгайлуу жашоосу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, санариптик технологияларды киргизүү жана ачык санариптик коомду түзүү боюнча жигердүү чаралар көрүлүп жатканын белгиледи.

“Быйыл биз тарыхыбызда биринчи жолу Кыргыз Республикасынын Санарип Кодексин кабыл алабыз. Биз мамлекет тарабынан кызмат көрсөтүүнүн жаңы этабына өтүп жаткандыгыбызды кубануу менен билдирем. Былтыр сентябрда биз унааларды онлайн каттоону ишке киргиздик. Сиз “Түндүк” мобилдик тиркемеси жана башка банктык тиркемелер аркылуу унааңызды сатууга же сатып алсаңыз болот. Кечээ эле биз юридикалык жактарды онлайн каттоону ишке киргиздик. Сиз үйдөн чыкпастан эле юридикалык жакты түзө аласыз, кайра каттай аласыз, жоюуга болот жана каттоо Салык кызматында, Улуттук статистикалык комитетте жана Социалдык фонддо автоматтык түрдө жүргүзүлөт. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, мен биздин банктарды бул долбоорго катышууга чакырат элем, каттоо учурунда дароо банк эсебин ачууга болот”, - деди ал.

Акылбек Жапаров ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 1-мартынан тарта “Түндүк” тиркемеси аркылуу кыймылсыз мүлктү онлайн сатып алуу же сатуу иштери башталып жатканын айтты.

“Өзүңүздөр көрүп тургандай, биз ылдамдыкта бара жатабыз. Мамлекет бул кызматтарды бизнес менен бөлүшүүгө даяр. Биз бул кызматтар банктык платформаларда жана мобилдик капчыктарда жеткиликтүү болушун каалайбыз. Ушундай жол менен биз мамлекеттик кызматтарды дагы эффективдүү көрсөтө алабыз”, - деди ал.

Өз сөзүндө МинКаб Төрагасы Кыргызстанда жасалма интеллектти өнүктүрүү маселесин өзгөчө белгиледи. Ал өткөн жылы кыргыз тилиндеги жасалма интеллектти окутуу үчүн бюджеттин эсебинен суперкомпьютер сатылып алынганын эске салып, бул кыргыз тилин таануу жана синтездөө боюнча алгачкы кадамдарды жасоого мүмкүндүк берген. Ал эми бүгүн мамлекеттик радио каналдарда санариптик диктор жаңылыктарды кыргыз тилинде окуп жатат.

“Бирок биз замандын талабына жооп берели десек, алдыда дагы көптөгөн кыйынчылыктар бар. Биринчиден, кыргыз тилинин тил корпусун түзүшүбүз керек. Кыргыз тилиндеги чоң көлөмдөгү маалыматтарды санариптештирүү зарыл. Бул милдет өкмөттүн гана эмес, ар бир жарандын милдети деп эсептейм. Ошондуктан, биз бул ишке ыктыярчыларды тартабыз жана бизнестин демилгелерине ачыкпыз. Экинчиден, бул жылы биз суперкомпьютерлерибизди эң акыркы Nvidia линиясына жаңыртабыз. Тил корпусунун негизинде жана бул суперкомпьютерлердин жардамы менен биз кыргыз Chat GPT түзө алабыз жана бул жаатта биз IT коомчулугу менен биргеликте иштөөгө ачыкпыз. Үчүнчүдөн, инновациялык технологиялар борбору түзүлөт, ал инновациялык технологияларды, анын ичинде жасалма интеллект жана кванттык эсептөөлөрдү иштеп чыгуу жана ишке киргизүү менен алектенет. Бул мамлекеттик мекеме болбойт, аны каржылоо мамлекеттик субсидиялар жана демөөрчүлөрдүн жардамы аркылуу ишке ашат”, - деген Акылбек Жапаров бул кадамдар кыргыз жасалма интеллектинин өнүгүүсүнө түрткү берерин белгиледи.

Сөзүнүн аягында МинКаб Төрагасы санариптик трансформациянын келе жаткан доору бизден адаптациялоону гана эмес, келечекти калыптандырууга жигердүү катышууну да талап кыларын белгиледи. Иш-чарага мамлекеттик органдардын, финтех-компанияларынын, стартаптардын, венчурдук фонддордун, чет өлкөлүк жана жергиликтүү банктардын жана микрофинансылык уюмдардын, төлөм системаларынын , байланыш операторлорунун өкүлдөрү жана IT-адистери катышууда.

Пикир

Оставить комментарий