• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Жеке ишкерлер салык салуунун жеңилдетилген системасы боюнча иштей алат

Өкмөт 0

Бишкек, 16.04.21. /Кабар/. Жеке ишкерлер салык салуунун жеңилдетилген системасы боюнча иштей алат. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Мурда ыктыярдуу патенттин негизинде салык төлөгөн жана соода борборлорунда, базарларда жана майда соода тармактарында жеке ишкердик жүргүзгөн салык төлөөчүлөр ыктыярдуу түрдө чекене сатуудан алынуучу салыктын негизинде салык салуунун жеңилдетилген системасына өтө алат.

Мында салык салуунун бул системасына өткөн жеке ишкерлер үчүн салык ставкасы алынган кирешеге жараша төмөнкү өлчөмдө белгиленет:

- биринчи иштеген жылы салык алынбайт, «нөлдүк» ставка;

- экинчи жылы 1 % ставканы түзөт;

- үчүнчү жылы - 2 %;

- төртүнчү жылдан тарта - 3 %.

Төлөмдөрдү накталай эмес түрүндө кабыл алууда салык ставкасы 50%га кыскарат.

Жеке ишкер чекене сатуудан алынуучу салыктын негизинде салык салуунун жеңилдетилген ставкасы боюнча катталууда жана иштөөдө салыктык катталуу орду боюнча салык органына тийиштүү арыз берүүсү керек жана анын иши бир катар талаптарга жооп берүүсү зарыл.

Атап айтканда, мындай салык төлөөчүлөр КНС төлөбөшү керек, же акыркы 12 айдагы киреше көлөмү КНС боюнча катталган босогонун көлөмүнөн (8 млн сом) ашпоосу тийиш, ошондой эле ишин онлайн-ККМ милдеттүү түрдө пайдалануу менен жүргүзүүсү керек, анын ичинде программалык камсыздоо катары эсептелген ККМ пайдаланылышы мүмкүн.

Маалымдама: Чекене сатуудан алынуучу салыктын негизинде салык салуунун жеңилдетилген системасы финансылык, камсыздандыруу кызматтарын көрсөткөн субьектилер, баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары, акциздик салык төлөөчүлөр, коомдук тамактануу субьектилери, курорттук ден-соолукту чыңдоочу чөйрөнүн субьектилери, турак-жай куруучулары тарабынан колдонулбайт.

Пикир

Оставить комментарий