• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Премьер: Өкмөт ата мекендик агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү үчүн жардам берүүнү улантат

Өкмөт 0

Бишкек, 12.08.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов Чүй облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Ысык-Ата районундагы фермердик чарбанын иши менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

20 гектар жери бар чарбада 12 киши иштейт. Бул жерде асыл тукум жылкы, ири мүйүздүү мал, кой жана чочко багылат. Жалпысынан миңден ашык ири мүйүздүү мал жана майда жандык бар.

Премьер-министр Кубатбек Боронов комплекстин инфраструктурасын көрүп чыгып, агроөнөр жай комплексинде өндүрүштү көбөйтүү маанилүү экендигин белгиледи.

«Чүй облусу дыйканчылык кылуу жана мал багуу боюнча эң жакшы өнүккөн аймак болуп саналат. Айрым айыл чарба өсүмдүктөрүнүн кластерлерин өнүктүрүү жана адистештирүү региондордун өнүгүшүнө реалдуу дем бериши керек», - деп белгиледи Өкмөт башчы.

Жумушчу сапардын алкагында Кубатбек Боронов фермерлер менен жолугуп, анда айыл чарба техникаларын лизингге берүү жана жеңилдетилген насыя аркылуу финансылык колдоо маселелери талкууланды.

Премьер-министр жеңилдетилген насыя жана дыйкандарды мамлекеттик жана коммерциялык банктар аркылуу лизингге техника берүүнү камсыз кылуу программасы боюнча кенен түшүндүрмө берди.

Ошондой эле Премьер-министр Ивановка айылындагы фермердик чарбасына барды. Анда 25 гектар суулуу жерге пияз отургузулган.

Дыйкандар тамчылатып сугаруу ыкмасы менен ар бир гектар жерден 100 тоннадан пияз алышат.

Фермердик чарбанын иши менен таанышкан Өкмөт башчы айыл чарбасынын келечеги тамчылатып сугаруунун алдыңкы технологияларын иштеп чыгууга байланыштуу экендигин белгиледи.

Муну менен катар ал Кыргыз Республикасынын Өкмөтү продукциясын экспортко чыгарган фермерлерди мындан ары да ар тараптуу колдоого аларын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий