• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жеңиш Разаков Петербург эл аралык экономикалык форумуна катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 10.06.19. /Кабар/. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Петербург эл аралык экономикалык форумуна катышты, - деп кабарлайт өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

Вице-премьер-министр форумдун ачылыш салтанатына жана Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин катышуусундагы пленардык жыйынга катышты.

Мындан тышкары Жеңиш Разаков «Евразия экономикалык биримдиги. Келечектин стратегиясы» панелдик дискуссиясынын спикери болду, анын жүрүшүндө Евразия экономикалык биримдигинин жана Кытай Эл Республикасынын бажы чек арасынан өткөн эл аралык ташуу товарлары жана унаа каражаттары жөнүндө маалымат алмашуу тууралуу Келишимге кол коюлду. Ошондой эле ал Евразия өнүктүрүү банкы тарабынан уюштурулган «Инвестициялык кызматташуу: өнүктүрүү жана интергация» иш-чарасына катышты.

Форумдун алкагында катар тараптын демилгеси менен вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Катардын тышкы иштер министри Мухаммед бен Абдулрахман бен Джассима Аль-Тани менен жолугушту.

Диалогдун жүрүшүндө тараптар кыргыз-катар соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, ошондой эле эки жактуу өкмөттөр аралык комиссиянын иши боюнча маселелерди талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий