• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзбекстан Башкы прокуратурасы Каримовага түрмөдө кысым көрсөтүлүп жатканын четке какты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 10.06.19. /Кабар/. Өзбекстандын Башкы прокуратурасы өлкөнүн мурдагы президентинин кызы Гүлнара Каримовага түрмөдө психологиялык басым көрсөтүлүп, медициналык жардам берилбей жатат деген маалыматтарды четке какты.

Көзөмөл орган тараткан маалыматта «Анын ден соолугу жайында, керек учурда тиешелүү бардык медициналык жардам көрсөтүлөт», – деп белгиленген.

Буга чейин анын швейцариялык адвокаты Грегуар Манжа (Grégoire Mangeat) Каримова дайыма психологиялык басым алдында жүргөнүн, түрмөдө дарылатпай жатышканын маалымдаган.

Гүлнара Каримова 53 миллион доллар өлчөмүндөгү каржылык кылмыш боюнча айыпталып, 2017-жылы декабрда 10 жылга соттолгон. Кылмыш иши атасынын көзү тирүүсүндө 2013-жылы козголуп, Каримов каза болгондон кийин 2017-жылы декабрда соттун өкүмү чыккан. Гүлнара Каримова салык төлөөдөн качуу, акча уурдоо, опузалоо жана офшор компанияларынын документтерин жок кылуу боюнча күнөөлүү деп табылган. Кийин Ташкенттин облустук соту жазаны беш жылдык үй камагына өзгөрткөн.

Быйыл марттын башында Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Гүлнара Каримова үй камагынан жалпы режимдеги түрмөгө которулганын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий