• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзбекстанда 4 миңден ашык мусулман «кара тизмеден» чыгарылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 27-июль /Кабар/. Өзбекстанда имамдар менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү атайын тизмеге киргизилген динчил адамдар менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөндөн кийин 4 миң 152 киши «акталды». Бул тууралуу өлкөнүн Мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, тизмедеги адамдар жашаган аймактардагы мечит имамдары алардын тандалган жолдон чыкпай тургандыктарына кепил болушту.

Бир нече күн мурда өлкө президенти Шавкат Мирзиёевдин тапшырмасы менен өткөрүлгөн «кара тизмедеги» адамдар менен сүйлөшүүлөрдүн алгачкы этабы аяктады.

«Биздин имамдар 10 990 кишини жакташты, алардын 4 миң 152си акталды. Жакында сүйлөшүүлөргө катышкан башка мусулмандар дагы «кара тизмеден» чыгарылат», – деп айтылат башкармалыктын билдирүүсүндө.

«Кара тизмеден» өлкөдө тыюу салынган диний-экстремисттик топтор менен байланышы жок болуп, бирок атайын тизмеге жаңылыштык менен киргизилип калгандыгы же андай топтордун мүчөсү болуп, бирок кийин өкүнүп чыгып кеткендини аныкталган адамдар чыгарылды. Мындай чечимди маале комитеттеринин, акимчиликтин жана күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрүнөн турган атайын топтун мүчөлөрү кабыл алышты.

Акыркы жылдары Өзбекстанда тыюу салынган диний-экстремисттик топторго байланышы бар деген айып менен миңдеген жарандар «кара тизмеге» киргизилген. Ал тизмени ИИМ кызматкерлери Улуттук коопсуздук кызматы жана Башкы прокуратура менен биргеликте түзүшөт.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий