• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өзбекстанда сутка ичинде COVID-19 илдетин жуктурган 105 учур катталды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 04.06.20. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 3 миң 874 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 105 учур катталган. Ал эми 155 бейтап илдеттен айыгып, реабилитациялык борборго жөнөтүлгөн.

Белгилей кетсек, Өзбекстанда карантин 15-июнга чейин узартылган.

Учурда өлкөдө 3 миң 874 адам илдет жуктурса, анын 3 миң 14ү айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 16 бейтап каза болду. 844 бейтап ооруканаларда дарыланууда, алардын тогузунун абалы оор болсо, экөө өтө оор абалда.

Пикир

Оставить комментарий