• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзбекстан: COVID-19 жуктургандардын саны 241ге жетти, 100 миң адам карантинге алынды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Ташкент, 04.04.20. /Кабар/. Өзбекстанда 4-апрелге карата коронавирустук инфекция жуктуруп алган 14 жаңы учур катталды. Бүгүнкү күнгө карата өлкө боюнча илдетти жуктургандардын саны 241 кишиге жетти. Бул тууралуу Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Коронавирустук инфекциядан жалпы өлкө боюнча 25 адам айыкса, эки киши көз жумган.

Ошондой эле бүгүн Өзбекстанда 100 миң адам карантинге алынды. Бул тууралуу ӨРнын президенти Шавкат Мирзиёев күн мурун өзбек элине жасаган кайрылуусунда билдирген.

20 миң адам карантиндин эрежесин бузса, 330 адам карантиндик аймактан качып кеткен. Президент өз сөзүндө баса белгилегендей, медициналык жактан көрүлүп жаткан чаралардан сырткары, жарандар жогорку жоопкерчиликти сезип, темирдей тартипти сактоо менен бирге сабырдуулук жана жоопкерчиликти көрсөтүшү керек.

Белгилей кетсек, Ташкентте, Нукуста жана облустук борборлордо 1-апрелден тарта обочолонуу режими киргизилген. Ал эми 65 жаштан жогору адамдарга эшикке чыгууга тыюу салынган. Жарандарга үйүнүн жанындагы дарыканага жана дүкөнгө эле барууга болот.

Өзбекстанда коронавирусту жуктурган биринчи учур 15-мартта катталган.

Пикир

Оставить комментарий