• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Тажикстан жаштар арасындагы кылмыштуулукту азайтуу ниетинде

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 02.11.17 /Кабар/. Тажикстанда билим берүү жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери борбордук мектептерде окуган бейбаш өспүрүмдөрдү тарбиялоо боюнча профилактикалык иштерди башташты. Тизмеге уруш-мушташтын чордонунда жүргөн 222 окуучу киргизилди.

Тизме шаар мэри Рустам Эмомалинин тапшырмасы менен түзүлдү. Себеби быйыл Душанбеде жашы жете элек балдардын катышуусундагы бир катар бычакташуу фактлары орун алган.

2016-жылы Тажикстанда өспүрүмдөрдүн жана жаштардын катышуусунда 5 миңден ашуун кылмыш катталган. Өлкө президенти Эмомали Рахмон борбор калаанын аткаминерлери менен жолугушуу учурунда жаштар арасындагы кандуу мушташтарды болтурбоо боюнча тиешелүү чараларды кабыл алууну тапшырган.

Маалыматтарга караганда, учурда "чоң муштум" балдар жана алардын ата-энелеринин арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.Алар окуудан тышкаркы учурда устачылык курстарына катышышууда.

Өлкө ИИМинин эсеби боюнча быйыл тогуз ай аралыгында 3 миңдей мектеп окуучунун коомдук тартипти бузганы аныкталган.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий