• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Климаттын өзгөрүү маселелери боюнча Борбор-Азиялык конференциянын экинчи күнү башталды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Ташкент, 04.04.19. /Нуржигит Бейшебаев - Кабар/. Ташкент шаарында өтүп жаткан Климаттын өзгөрүү маселелери боюнча Борбор-Азиялык конференциянын экинчи күндөгү пленардык сессиясы башталды.

Бүгүн эки пленардык сессия болуп өтөт:

- Климаттын өзгөрүшү тармагындагы практика жана технологиялар;

- Климаттык каржылоо.

Аны менен бирге бүгүн 5 параллелдүү сессиялар болот.

Аталган конференцияга климаттын өзгөрүшү тармагында иштеген 400гө жакын өкмөттүк мекемелердин, илимий коомчулук, жаштар, эл аралык жана аймактык өнөктөштөрдүн өкүлдөрү катышууда.

Бүгүн аталган конференция ишин аяктап, анын жыйынтыктары чыгарылат.

Анда жыйынтыктоочу документ даярдалып, ал иш-аракетке өтүүгө чакырык жасаган документ болот. Анда климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу багытында жана климаттык саясат боюнча көп тараптуу кызматташтыкты күчөтүү сунуштары камтылат.

Пикир

Оставить комментарий