• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ӨКМ: Кадамжайда сууга чөгүп кеткен 8 жашар бала изделүүдө

Кырсык 0

Бишкек, 04.04.19. /Кабар/. Баткен облусунун Кадамжай районунун Кара-Жыгач айылында алдын ала маалыматтар боюнча 2011-жылы туулган бала сууга түшүп кеткен. Учурда издөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, издөө иштерине 5 куткаруучу тартылган.

"Кечээ, 3-апрелде издөө иштери түнкү саат 22:00гө чейин жүргүзүлдү. Бүгүн кайрадан баланы издөө улантылат", - деп билдиришти ӨКМден.

Пикир

Оставить комментарий