• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектеги эмерек цехинде чыккан өрт өчүрүлдү

Кырсык 0


Бишкек, 18. 06. 19. /Кабар/. Бишкектеги эмерек цехинде чыккан өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтен билдиришкендей, Матросов көчөсү №6 дарегинде жайгашкан эмерек цехинде болгон өрт саат 17:45те толук өчүрүлгөн.

Өрттүн кесепетинен эмерек цехинин 300 чарчы метр аянты күйгөн.

Пикир

Оставить комментарий