• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто калкты жана турак жай фондун кайра каттоого даярдык көрүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 10.06.19 /Кабар/. Ош шаарынын мэриясында кечээ вице-мэр Саибжан Турдуевдин төрагалыгы алдында чоң аппаратттык жыйын болуп өттү.

Жыйынга вице-мэрлер, шаардык мекемелердин, уюмдардын, ведомстволордун, шаардык кызматтардын жана жергиликтүү аймактык башкармалардын жетекчилери катышты.

Жыйында эки негизги маселе каралган:

- Жай мезгилинде эс алуучу жана тамактануучу жайларда санитардык – эпидемиологиялык нормалардын сакталышын текшерүү;

- 2020-жылы КРда калкты жана турак жай фондун кайра каттоого даярдык көрүү.

Ош шаарынын мамлекеттик статистика башкармалыгынын жетекчиси Азизбек Рыспаев, калкты кайра каттоого болгон даярдык тууралуу маалымат берген.

“КРнын калкын жана турак жай фондун кайра каттоо 2020-жылы 23-марттан 1-апрелге чейин өтөт. Учурда календарлык планга жараша тиешелүү иш жүрүүдө. Республикалык комиссиянын отурумунда Ош шаарында 2017-жылдын сентябрь айынан 2020-жылдын 31-декабрына чейин шаардын аймагында көчөлөрдүн атын өзгөртүүгө мораторий салынган. Көчөлөрдүн аттары жана катар номурлары жазылган таблицалар менен камсыз кылуу боюнча ири иш аткарылууда. Тиешелүү органдар ишти ылдамдатып, берилген мөөнөткө бүтүрүп бериши керек”, - деди Рыспаев.

Ошондой эле ал, калкты кайра каттоого даярданууда эл арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү керектигин айткан. Анткени, элдер толугу менен өтө турган калкты кайра каттоо кампаниясы тууралуу маалыматы жок.

“Бул иш-чарага баардык шаардык башкармалардын, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын жана муниципалдык аймактык башкармалардын катышуусу абзел”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий