• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КР боюнча 211 санариптик ретрансляторлорду орнотуу иштери августта аяктайт

Өкмөт 0

Бишкек, 30-июнь /Кабар/. 2017-жылдын август айында Кыргыз Республикасында 211 санариптик атвоматтык телевизиондук ретрансляторлорду орнотуу иштери аяктайт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын маалыматтык технология жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев бүгүн, 29-июнда, Кыргыз Республикасында санариптик телеардиоберүүгө өтүү боюнча Мамлекеттик комиссиясынын кезектеги жыйынында билдирди.

Ал эскерткендей, калктын 5% түзгөн радио байланыш жетпеген 326 айыл аймагында жашаган элди санариптик телерадиоберүү менен камсыз кылуу үчүн учурда 211 санариптик автоматтык телевизиондук ретрансляторлорду орнотуу этабы менен жүргүзүлүп жатат. Бул азырынча санариптик берүүнү көрүүгө мүмкүнчүлүгү жок болгон 227 айылдык аймактын элин санариптик телерадиоберүү менен камсыз кылат.

«Бүгүнкү күндө жалпы республика боюнча 67 санариптик автоматтык телевизиондук ретранслятор орнотулду. 2017-жылдын августунда бардык 211 санариптик автоматтык телевизиондук ретрансляторлорду орнотуу иштери аягына чыгат. Калган 99 айылдын калкы санариптик телерадиоберүүнү спутник аркылуу көрө алышат», - деди Маалыматтык технология жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев.

Ал аймактарда санариптик автоматтык телевизиондук ретрансляторлорду орнотуу үчүн атайын корголгон өзүнчө бөлмөлөр курулганын билдирди.

Ал белгилегендей, жер жерлерде санариптик автоматтык телевизиондук ретрансляторлорду орнотуу үчүн өзүнчө атайын жай курулууда жана ал коргоого алынат.

Жыйында «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААК белгиленген мөөнөнттө өлкөнүн бардык тургундары санариптик көрсөтүүлөр менен камсыз болуусу үчүн бардык көрсөтүлгөн жайлар электр таркатуучу линияга кошулуусун күчөтүү зарылдыгы белгиленди.

Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүү боюнча мамлекеттик комиссиянын жыйынынын жыйынтыгында биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев тийиштүү мамлекеттик органдарга Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүү боюнча программасындагы тапшырмалар менен максаттарды өз убагында аткарууга багытталган бир катар тапшырмаларды берди.

Маалымат үчүн: «Женева-06» планы 101өлкө тарабынан кабыл алынган. Ага Кыргыз Республикасы да кирген. Анда санариптик телерадиоберүүгө милдеттүү өтүүсү каралган. Мындан кийин аналогдук телеберүүдөгү тв жыштыктары эл аралык укуктук коргоо макамы күчүн жоготот.

Пикир

Оставить комментарий