• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Байсалов ЭМУнун Борбордук Азия боюнча аймактык директору менен жолукту

Өкмөт 0

Бишкек, 14.09.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Эл аралык миграция уюмунун (ЭМУ) Түштүк-Чыгыш Европа, Чыгыш Европа жана Борбордук Азия боюнча аймактык директору Манфред Профаци менен жолукту.

Эдил Байсалов өз сөзүндө Кыргыз Республикасы менен кызматташуусуна жана 1997-жылдан бери жалпы суммасы 33 млн долларды түзгөн 80ден ашуун миграциялык долбоорлорго колдоо көрсөтүп келе жаткан ЭМУнун аймактык жетекчилигине ыраазычылык билдирди.

“Учурда биз миграциялык агымдардын жылышына кылдат байкоо жүргүзүп жатабыз, анын ичинде Кыргызстандын жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн келген эмгек мигранттары үчүн жагымдуулугу өсүп жатканын көрүп жатабыз. Адам сатуу сыяктуу терс көрүнүштөрдүн, ошондой эле климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу жаңы глобалдык чакырыктардын алдын алууда жана ага каршы күрөшүүдө Министрлер Кабинети ЭМУнун техникалык жардамына ишенет”, - деди Эдил Байсалов.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө ошондой эле кыргыз мигранттарынын кызыкчылыктарын коргоо, эмгек миграциясын башкаруунун заманбап системасын өнүктүрүү боюнча натыйжалуу саясатты жана стратегияларды иштеп чыгуу жаатында кызматташуу маселелери талкууланды.

Өз кезегинде Манфред Профаци миграция маселелери боюнча Кыргызстанды колдоого жана мындан ары кызматташууга даяр экенин ырастады.

Пикир

Оставить комментарий