• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Асрандиев: COVID-19 менен күрөшүү өз ара соода жүгүртүүгө тоскоол болбошу керек

Өкмөт 0

Бишкек, 29.05.20. /Кабар/. COVID-19 менен күрөшүү өз ара соодага тоскоол болбошу керек. Жүк ташуу мурдагыдай эле жүргүзүлүүгө тийиш. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин өкмөт башчыларынын саммитинин онлайн-жыйынында билдирди.

«COVID-19га каршы күрөшүү боюнча биздин аракеттерибиз белгиленген өндүрүштүк-кооперациялык чынжырчалардын үзгүлтүккө учурашына алып келбөөгө тийиш. Жалпы обочолонуу жана чек араларды аргасыздан жабуу шартында биз үчүн өлкөлөр ортосундагы жана алыскы чет мамлекеттерге жүк ташууну тоскоолдуксуз ишке ашырууну камсыз кылуу маанилүү. Макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылууда өлкөлөрдүн ырааттуулугу чоң роль ойнойт. Биз КМШга мүчө-өлкөлөрдүн аймагы боюнча жүктү тоскоолдуксуз ташууну шарттаган жашыл кридорду уюштуруубуз керек», - деди вице-премьер-министр.

Эркин Асрандиев коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүгө кыргыз тарапка берген жардамы үчүн өнөктөш өлкөлөргө ыраазычылык билдирип, COVID-19дун кесепеттерин жоюуну улантуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

«Кырдаал биздин бири-бирибизге байланыштуу жана бир-бирибизге көз каранды экенибизди көрсөттү. Ошондуктан өлкөнүн экономикалык, финансылык, социалдык жана гуманитардык чөйрөсү үчүн кесепеттерди жоюу тууралуу жамааттык чараларды иштеп чыгуу боюнча документ маанилүү жана аны кабыл алууну колдойбуз. Ошондой эле кыргыз тарап учурда КМШ өлкөлөрүндө экономиканын реалдуу секторун калыбына келтирүү жана ишкердик жигердүүлүктү өркүндөтүү боюнча тажрыйба алмашуу убактысы келди деп эсептейт. Ошол эле учурда кризистен кийинки өнүгүүнү эске алуу менен, Шериктештик мейкиндигинде экономикалык жигердүүлүктү этап-этабы менен калыбына келтирүү маселелери боюнча шайкеш иштөө маанилүү», - деди ал.

Эркин Асрандиев кызматташтыктын башка тармактарында, анын ичинде спорт, туризм жана жаштар саясатындагы маселелерди илгерилетүү боюнча иштер улантыларына ишенимин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий