• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Шадиев Пекинде кыргыз-кытай Өкмөттөр аралык комиссиясынын 13-жыйына катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 02.04.18 /Кабар/. Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Аскарбек Шадиев бүгүн, 2-апрелде, Пекин шаарында (Кытай Эл Республикасы) соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-кытай Өкмөттөр аралык комиссиясынын 13-жыйына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирди.

Комиссиянын тең төрагасы Аскарбек Шадиев аталган аянтча эки тараптык соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери боюнча пикирлер менен ачык алмашууга, ошондой эле өз ара пайдалуу чечимдерди табууга мүмкүнчүлүк түзөт деп белгиледи.

«Бүгүнкү жыйын эки өлкө ортосундагы өз ара алакаларды кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк берет, жана бирдиктүү өнүгүү үчүн жаңы перспективалык багыттарды табууга салым кошот. Биздин Өкмөттөр ортосунда соода-экономикалык кызматташтык боюнча жигердүү өз ара байланыш түзүлгөнүн кубанычтуу белгилеп кетким келет. Эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүү акыркы жылдары туруктуу жогорулоо тенденциясына ээ», - деп белгиледи биринчи вице-премьер-министр.

Өз кезегинде Кытайдын коммерция боюнча министринин орун басары, Комиссиянын тең төрагасы Фу Цзыин Кыргыз Республикасы Кытай үчүн инвестициялык долбоорлор боюнча кызматташтыкты бекемдөөгө кызыктар маанилүү өнөктөш болуп саналарын баса белгиледи.

Өкмөттөр аралык комиссиянын отурумунун жыйынтыгы менен эки өлкөнүн ортосундагы бир нече багыттагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча Протоколго кол коюлду. Тактап айтканда, тараптар транспорт жаатында жагымдуу шартарды түзүү, ошондой эле Кыргызстандан Кытайга жана кайра келген жүк жана жүргүнчү ташуучу эки тараптын айдоочулары үчүн тоскоолдуктарды жаратып жаткан факторлорду жоюу боюнча макулдашышты.

Кыргыз Республикасынын, ошондой эле эркин экономикалык зоналарынын аймагында, кыргыз-кытай автоунаа менен жана башка тиричилик техникаларды чогултуучу заводдорунун салынышы тууралуу макулдашылды.

Кыргыз-кытай Өкмөттөр аралык комиссиясынын отурумунун жыйынтыгында тараптар иш-чаранын жемиштүү өткөнүн, анын чечимдери эки тараптуу кызматташтыктын өнүгүшүнө алып келээри белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий