• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Министрлер кабинети Жапаровдун ишкерлер менен жолугушуусунда айткан билдирүүсүнө түшүндүрмө берди

Өкмөт 0

Бишкек, 14.06.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун «Дордой Food» азык-түлүк базарынын ишкерлери менен жолугушуусунда айткан билдирүүсүнө тийиштүү төмөнкүлөрдү билдирет, кеп КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары Жаныбек Жоробаев тууралуу жүргөн.

Аталган жетекчиге карата кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, анын алкоголдук тармактагы ири субъектилердин ишмердүүлүгүнө тиешеси бар экендиги аныкталган. Буга байланыштуу аны ээлеген кызматынан бошотуу чечими кабыл алынган.

Убакыттын өтүшү менен алкоголдук тармактан түшкөн салыктын көлөмүнүн өсүшү байкалган.

Буга байланыштуу министрлер кабинети Акылбек Жапаровдун сөздөрүн туура чечмелөөнү өтүнөт.

Пикир

Оставить комментарий