• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда жыл башынан бери курч вирустук оорулардын 3,4 миң учуру катталды

Коом 0


Бишкек, 14.06.22. /Кабар/. Кыргызстанда жыл башынан бери өткүр курч вирустук оорулардын 3 миң 404 учуру катталды. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жугуштуу ооруларды алдын алуу жана эпиемиологиялык көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Динара Оторбаева билдирди.

Анын айтымында, акыркы жумада курч вирустун оорулардын санынын кадимки көрсөткүчтөн бир аз көбөйгөнү байкалып, өсүү 1%ды түзгөн.

“Ооругандардын 77%ын 14 жашка чейинки балдар (2616) түзөт. Курч вирустук оорулар чоңдорго караганда кичинекейлерде оор өтүп, стационардык жардам алууга көбүрөөк келишет. Ооруну туруксуз аба ырайы шартташы мүмкүн. Быйыл өлкөдө мурдатан эле катталып келген метапневмовирус, аденовирус, парагрипптин 1 жана 3-түрлөрү көбүрөөк катталды”, - деди Оторбаева.

Пикир

Оставить комментарий