• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

КР вице-премьер-министрлери ортосундагы милдеттенмелер бөлүштүрүлдү

Өкмөт 0

Бишкек, 23.04.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 23-апрелде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрү жана өлкөнүн административдик ведомство жетекчилеринин катышуусунда өткөрүлгөн кеңешмеде Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлери жоопкер болгон негизги багыттарды белгиледи. Бул тууралуу өкмөттүн коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирди.

Тактап айтканда, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов инвестиция, агроөнөр жай комплекси, реалдуу сектор, аймактык өнүктүрүү маселелерин көзөмөлдөйт.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков укук коргоо органдарынын ишин, чек ара кызматташтыгы, өзгөчө кырдаалдар, ошондой эле ЕАЭБ жана КМШ алкагындагы интеграция маселелерин координациялайт.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова өлкөнүн социалдык блогун көзөмөлдөйт.

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров финансы-экономикалык жана фискалдык саясат маселелерине жоопкерчилик алат.

Пикир

Оставить комментарий