• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Абылгазиев: Суу ресурстары ар бир өлкө үчүн баа жеткис кенч

Өкмөт 0

Бишкек, 03.10.19. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) тарабынан жүзөгө ашырылып жаткан долбоорлорду талкуулаган жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Бүгүнкү күндө агенттик тарабынан суу менен камсыз кылуу жана сууну буруу, социалдык инфратүзүм, жайыттарды жана мал чарбасын жакшыртуу багыттары боюнча иштер аткарылууда.

Учурда АРИС жалпы суммасы 205 млн доллар болгон 12 долбоорду ишке ашырууда. Алар төмөнкү багыттар боюнча:

- айыл жергесин суу менен камсыз кылуунун жеткиликтүүлүгүн, сапатын жана санитариялык абалын жакшыртуу;

- социалдык жана экономикалык инфраструктуралык объектилерге жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу;

- мал чарбачылыгынын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу, жайыт жамааттарынын кирешесин көбөйтүүгө жана экономикалык жактан өсүүсүнө жардам берүү;

- сейсмикалык туруктуулугун жогорулатуу жана энергонатыйжалуулугу жогору технологияларды колдонуу менен шаардык инфраструктураны башкаруу.

Өкмөт башчы учурда калкты ичүүчү таза суу жана сугат суу менен камсыз кылуу маселеси, айрыкча аймактарда курч болуп турганын белгиледи.

Анын айтымында, эл аралык изилдөөлөргө ылайык, дүйнө жүзү боюнча жылдан-жылга суунун запасы азаюуда, буга байланыштуу аны үнөмдүү колдонууну камсыз кылуу керек.

«Суу ресурстары ар бир өлкө үчүн баа жеткис кенч, ошондуктан биз аяр жана үнөмдүү колдонууну камсыз кылышыбыз керек. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков жарандарды ичүүчү таза суу жана сугат суу менен камсыз кылуу боюнча маселесине өзгөчө артыкчылыктуу маани берет. Бул маселени комплекстүү чечүү менен жөнөкөй жарандардын жашоо шартын жакшыртууга шарт түзүлөт, ошондой эле айыл чарбасын өнүктүрүүнү шарттайт» - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр ошондой эле суу объектилерин оңдоп-түздөө жана инфратүзүмдү өнүктүрүүгө тартылган каражаттарды натыйжалуу колдонуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

«Милдеттер көп. Калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу боюнча белгиленген максаттарды тездетүү үчүн бардык чараларды кабыл алуу керек. Калктын зарыл болгон муктаждыктарын аныктоо, социалдык мобилизациялоо иш-чараларын өткөрүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жергиликтүү аймакты өнүктүрүүнүн стратегиялык планын түзүү жана жаңылоо, инвестицияларды натыйжалуу колдонуу, - мунун бары тийиштүү органдардын АРИСтин өкүлдөрү менен биргелешкен ишин талап кылат», - деди Премьер-министр.

Мухаммедкалый Абылгазиев министрликтердин жана мекемелердин жетекчилерине Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги менен иштерди активдештирүүнү жана эки жуманын ичинде аткарылган иштер жана маселелерди чечүү жолдору тууралуу маалымат берүү тапшырмасын берди.

Пикир

Оставить комментарий