• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

КРнын чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациясы Ташкенттен келди

Өкмөт 0

Бишкек, 25.03.21./Кабар/. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жетектеген Кыргыз Республикасынын чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациясы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча кезектеги сүйлөшүүлөрдөн соң Ташкент шаарынан (Өзбекстан Республикасы) кайтып келди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө караганда, Өкмөттүк делегациялардын кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча Протоколго кол коюлган, анын мазмуну тууралуу кеңири маалымат үстүбүздөгү жылдын 26-мартында Өкмөт үйүндө өтө турган басма сөз жыйынында (убактысы кошумча маалымдалат) берилет.

Пикир

Оставить комментарий