• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте ИИМдин Коомдук кеңешинин кезектеги жыйыны өттү

Коом 0

Бишкек, 25.03.21. /Кабар/. Бүгүн, 25-мартта Милициянын кайгуул кызматында ИИМдин Коомдук кеңешинин кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Жыйынга Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басарлары Ыманалы Саркулов, Байышбек Ашырбеков, Мониторинг
борборунун жетекчиси Гүлмира Баратова, Укуктук камсыздоо жана эл аралык кызматташтык башкармалыгынын жетекчиси Нурбек Жангабылов, Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын жетекчиси Алмаз Исаков жана ИИМдин Коомдук кеңешинин
мүчөлөрү катышты.

Алмаз Исаков 2020-жылдын 12 ай ичиндеги ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат берди. Ал аралыкта Милициянын кайгуул кызматы тарабынан “102” кызматынан келип түшкөн 62 миң 83 чалуулар тейленген. Алардын ичинен 37 миң 821 тастыкталгандар болсо, 24 миң 262 тастыкталган эмес. Алар тарабынан 550 кылмыш менен 2 миң 190 жоруктун бети ачылган.

Ал эми 2019-жылдын 4-мартынан баштап 2021-жылдын 16-мартына чейин Мониторинг
борборунун операторлору тарабынан 5 млн 573 миң 713 маалымат иштелип чыккан.

Пикир

Оставить комментарий