• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кумтөр кенинде алтынды жер астынан казып алуу иштери башталды

Өкмөт 0


Бишкек, 15.02.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев президенттин администрациясынын Кырдаалдык борборунда Кумтөр кенинде алтынды жер астынан казып алуу боюнча долбоорду ишке киргизүүгө старт берди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Адылбек Касымалиев бул кенди казуунун мындай ыкмасы алтын өндүрүүнү көбөйтүүгө, ошондой эле экологияга, анын ичинде мөңгүлөргө тийгизген терс таасирин азайтаарын белгиледи.

“Биз бул долбоордун экологиялык маанисин жана экономикалык натыйжалуулугун эске алуу менен ийгиликтүү ишке ашырылышын чыдамсыздык менен күткөнбүз”, - деди ал.

“Кумтөр Голд Компани” ЖАКнын президенти Алмазбек Барыктабасовдун айтымында, алтынды жер астынан казып алуу боюнча адистер тарабынан иштелип чыккан техникалык-экономикалык негиздемеге ылайык, бул ыкма экономикалык натыйжалуулугун көрсөтүп турат. Алдын ала маалыматтар боюнча, жер астынан казуу ыкмасын колдонуу менен 115 тонна алтын алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий