• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бейшеналиев баштаган Кыргызстандын делегациясы Новосибирскте иш сапары менен болду

Коом 0

Бишкек, 15.02.24. /Кабар/. Кыргызстандын делегациясы Россиянын Новосибирск шаарында иш сапары менен болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Делегациянын курамында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Маткеримов, «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасынын директору Сүйүнбай Алиев жана Дары-дармек жана медициналык техника департаментинин өкүлдөрү бар.

Иш сапардын алкагында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Новосибирск облусунун губернаторунун биринчи орун басары Юрий Петухов менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасы менен Новосибирск фармацевтикалык ишканаларынын ортосунда Кыргызстанга турмуштук маанилүү дары-дармектерди жеткирүү боюнча келишимдерди түзүү, медициналык билим берүү жана кадрларды даярдоо жаатында кызматташууну активдештирүү боюнча тыгыз байланыштарды түзүү маселелери талкууланды.

Юрий Петухов Алымкадыр Бейшеналиевге Новосибирск облусунун саламаттык сактоо системасынын потенциалы тууралуу айтып берди. Ал аймакта бир катар уникалдуу федералдык саламаттык сактоо уюмдары иштээрин белгиледи. Ал эми Новосибирсктеги окуу жайлардын базасында кадрларды даярдап, кыргызстандык адистердин квалификациясын жогорулатууга болоорун билдирди.

Өз кезегинде Алымкадыр Бейшеналиев Новосибирск облусундагы ЖОЖдордун жана ооруканалардын илимий, билим берүү жана техникалык дараметин эске алуу менен КР Саламаттык сактоо министрлиги медициналык кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо, хирургия, кардиология жана трансплантология тармагында тажрыйба алмашуу жаатында кызматташууну активдештирүүгө кызыкдар экенин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий