• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Төрөбаев: Быйыл суу ресурстары тармагында майнаптуу иштер жүргүзүлөт

Өкмөт 0

Бишкек, 15.02.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө жазгы талаа жумуштарынын башталышы тууралуу маалымат жыйынын өткөрүп жатып, суу ресурстары тармагында аткарыла турган иштерге токтолду.

Быйылкы жылга приоритет катары 4 багытка токтолгон министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев алгач агын суу маселеси жаралбашы үчүн суткалык жөнгө салуу бассейндеринин (БСР) жана декадалык жөнгө салуу бассейндеринин (БДР) курулушу кызуу жүргүзүлөөрүн билдирди.

Маселен, Чүй облусунун аймагындагы бир катар дарыялардын агымына чакан суу сактагычтарды куруу, ошондой эле мурдагы суу сактагычтарды оңдоо, калыбына келтирүү иштери жүргүзүлөт. Ал үчүн бюджеттен 2 млрд 200 млн сом бөлүнгөнүн Бакыт Төрөбаев кошумчалады.

“Жалпы республика боюнча 1 млн 28 миң гектар сугат жер аянты болсо, ал эми 11 ири суу сактагыч жана 406 бассейн бар. Бирок бул суу сактагычтардын саны азыр жетишсиз болуп жатат. Ошол себептүү жаңы чакан суу сактагычтарды куруу жана оңдоо иштерин жүргүзүү зарылдыгы турат. Учурда 85 объектте иштер жүрүүдө. Эң башкысы дыйкандарды өз убагында сугат суу менен камсыздашыбыз керек”, - деди Бакыт Төрөбаев.

Ал ошондой эле бул багытта райондук мамлекеттик администрация башчылары-акимдер, жана айыл аймак башчылары жергиликтүү дыйкандар менен биргеликте тамчылатып сугаруу системасын ар бир районго пилоттук долбоор катары киргизилерин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий