• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Республикалык штаб: Кыргызстанда коронавируска чалдыккандар жок

Өкмөт 0

Бишкек, 07.03.20. /Кабар/. 7-мартка карата Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирустун чыккан учуру катталган жок, эпидемиологиялык кырдаал туруктуу. Башка мамлекеттердин аймагында жүргөн кыргызстандыктардын арасында коронавирус менен ооругандар жок. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүндө өткөн Короновирус инфекциясынын өлкө аймагына кирүүсүн алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйынында айтылды.

Дүйнөдөгү жагдайды эске алуу менен, медицина кызматкерлери, эпидемиологдор, санитардык дарыгерлер, тез жардам жана башка ыкчам кызматтардын кызматкерлери күнү-түнү нөөмөт менен иштөөдө.

Жыйында мессенджер аркылуу тарап жаткан Талас облусундагы ооруканага коронавирус менен ооруган чет элдик жаран жаткарылганы тууралуу маалымат калп, чындыкка дал келбери белгиленди.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, коронавирус инфекциясы дүйнө жүзү боюнча тездик менен тарап жатат. Бүгүнкү күндө 85 өлкөдө коронавирус чыгып, 95 миң адамга вирус жуккан.

Республикалык штаб соода, бизнес борборлордун, супермаркеттердин жана оюн-зоок жайларынын жетекчилерин келгендердин ден соолугун сактоо үчүн санитайзерлерди, аба тазалоочу жабдууларды орнотуу жана келгендерди жетиштүү деңгээлде дезинфекциялоочу каражаттар менен камсыздоого чакырат.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова бардык жарандар абал канчалык олуттуу экенин түшүнүүсү керек, эстүүлүгүн, жарандык жоопкерчилигин көрсөтүп, Саламаттык сактоо министрлигинин жана Республикалык штабдын бардык сунуштарын так аткаруу керектигин белгиледи. Ал ошондой эле учурда коронавирус инфекциясын дарылоого караганда, анын өлкө аймагына кирүүсүн алдын алуу боюнча иш-чараларды жигердүү түрдө кабыл алуу маанилүү экенин кошумчалады.

Анын айтымында, коронавирус чыккан дүйнөдөгү көп эле өлкөлөрдө жарандардын тартип-эрежелерди, медицина кызматкерлеринин жөнөкөй көрсөтмөлөрүн кармануусу, жөнөкөй, ошол эле учурда натыйжалуу ыкмаларды колдонуусу менен илдеттин жайылышын алдын алып жатышат. Бул колду жуу, оозду чайкоо сындуу гигиеналык эрежелерди сактоо, жылуу сууну жетиштүү деңгээлде ичүү жана эл көп чогулган жерлерден оолук болуу.

Штаб ошондой эле көп адамдар чогулган кандайдыр бир иш-чараларды өткөрбөй туруу тажрыйбасын дүйнөдөгү көп өлкөлөр колдонуп жатканын, ал тургай айрым мамлекеттер мыйзам менен чектөө киргизгенин эскертүү менен, топтолгон эл катышкан иш-чараларды жакынкы арада өткөрбөй турууну катуу эскертет.

Жыйындын соңунда бир нече мамлекттик органга бир катар тапшырмалар берилди. Билим берүү жана илим министрлигине сасык тумоону, анын ичинде коронавирустун алдын алуу, өздүк гигиена эрежелери жөнүндө билим берүү мекемелеринде маалыматтык-түшүндүрүү иштерин улантуу тапшырмасы берилди.

Пикир

Оставить комментарий