• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Азиз Аалиев Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун курулушу менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 25.09.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Азиз Аалиев Нарын облусуна жумушчу сапарынын алкагында Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун курулушу менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Азиз Аалиев белгилегендей, тендердик комиссиянын иши жыйынтыкталды, анын жыйынтыгы боюнча жеңүүчү аныкталды.

"Учурда стратегиялык жактан маанилүү эсептелген жолду баштоо үчүн бардык шарттар түзүлгөн, ошондой эле каржылоо маселеси да чечилген.

Жолду оңдоо ишинин мөөнөтүнө гана эмес, аны аткаруу сапатына да өзгөчө көңүл буруу керек. Сапат стандарттарына дал келбөө фактыларына жол берилбеши керек. Жол элибиздин бакубаттыгы үчүн узак жылдар бою кызмат кылышы керек", - деп белгиледи министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары.

Белгилесек, Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун Эпкин - Башкууганды (89-159 км) тилкесин куруу ишин жакын арада баштоо пландаштырылууда.

2021-жылдын 23-сентябрында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин тендеринин жыйынтыгы боюнча аталган долборду ишке ашырууга China Railway N: 5 менен келишимге кол коюлган.

Пикир

Оставить комментарий