• 88.68
  • 95
  • 0.95

Алтынбек Эргешов: Өнөр жай Чүй облусунун өнүгүүсүнүн локомотиви болуп саналат

Өкмөт 0

Бишкек, 26.01.22. /Кабар/. Президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги Алтынбек Эргешов эпидемиологиялык кырдаалдын курчушуна байланыштуу видеоконференцбайланыш режиминде өткөн президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн коллегиясынын жыйынына катышты.

Алтынбек Эргешов облустун 2021-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн көрсөткүчтөрү жана үстүбүздөгү жылга коюлган пландар жана милдеттер тууралуу маалыматты угуп, облустагы өнөр жай ишканаларын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруу керектигин белгиледи.

«Өнөр жай аймактын өнүгүүсүнүн локомотиви болуп саналат. Канчалык көп өнөр жай ишканалары ишке кирсе, ошончолук жумуш орундары түзүлүп, инвестиция тартылып, облустун, жалпы эле республика калкынын бакубаттуулугуна жол ачылат. Чүй облусунун шаарлары негизинен өнөр жайга багыт алган, бул жагдайды туура пайдалануу керек», - деп белгиледи Алтынбек Эргешов.

Ошондой эле жыйын жүрүшүндө ирригациялык тутумдарды жазгы-талаа жумуштарына даярдоо, айыл чарба өндүрүүчүлөрүн күйүүчү-майлоочу май жана үрөн менен камсыздоодо колдоо көрсөтүү маселелери талкууланды. Маалым болгондой, республиканын эгемендүүлүк тарыхында республиканын ирригациялык тутумдарын оңдоого алгач ирет – 1 млрд сом, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого – 1,9 млрд сом, энергетика тармагын колдоого кошумча түрдө 3,4 миллиард сом бөлүнгөн.

Андан соң Алтынбек Эргешов облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрүнө кеңири токтолуп, калктын аяр катмарына мамлекеттик колдоо көрсөтүүнүн өзгөчө маанисин белгиледи.

Ал электрондук документ жүгүртүүгө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүүгө өткөрүү, анын ичинде айыл өкмөттөрдүн паспортторун түзүү жана мамлекеттик мүлктү инвентаризациялоону жыйынтыктоо зарылдыгын белгиледи.

Коллегиянын жыйынтыгында Президенттин Администрациясынын башкармалыгынын начальниги жарандардын кайрылууларына ыкчам жана натыйжалуу чара көрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

«2021-жылы президенттин администрациясына жарандардан 20 миңден ашуун кайрылуу келип түшкөн. Жакында митингге Токмок базарынын сатуучулары чыгышты. Себеби, жер-жерлерде маалыматтык-түшүндүрүү иштери жетишсиз деңгээлде жүргүзүлүүдө. Айласыздан алар президенттен жана министрлер кабинетинен жардам сурап кайрылууга мажбур болууда. Элди уга билип, аларга жардам бергенди үйрөнгүлө, ошондо гана элдин бийликке болгон ишеними жогорулайт», - деп жыйынтыктады Алтынбек Эргешов.

Пикир

Оставить комментарий