• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Новиков: Чек ара аркылуу товарлардын автоматташтырылган эсеп тутуму аркылуу өтүүсү коррупциялык тобокелдиктерди кыскартат

Өкмөт 0

Бишкек, 05.12.20. /Кабар/. Чек ара аркылуу товарлардын автоматташтырылган эсеп тутуму аркылуу өтүүсү коррупциялык тобокелдиктерди кыскартат. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Нарын облусундагы «Торугарт» көзөмөл-өткөрүү пунктуна барууда билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдайт.

Өкмөт башчынын м.а. «Торугарт» көзөмөл-өткөрүү пунктунун, бажы кызматынын маалыматтык тутумунун иши менен таанышты.

Анын айтымында, транспорттук каражаттарды фиксациялоо, эсепке алуу, анын ичинде танспорттук каражатты чек арадан өткөрүү аракеттери, номерлерин сканерлөө, бажы документтерин тариздөөдөдөн баштап, адамдык факторду четтетүү масксатында аларды маалымат базасына киргизүү боюнча айрым сын-пикирлер бар.

«Эки айдан ашуун убакыттан бери кытай тарап менен чек ара аркылуу транспорттук каражаттарды өткөрүү көлөмүн жогорулатуу боюнча бир нече ирет сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. Жакын арада кытай тарап «Эркечтам – Автожол» көзөмөл-өткөрүү пунктунун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу тууралуу макулдашууну тастыктады, ага ылайык, көзөмөл-өткөрүү пункту күн сайын 12 сааттан, анын ичинде дем алыш күндөрү да иш алып барат. Мындан тышкары, кампа инфраструктурасын, товарларды жүктөө үчүн атайы крандарды орнотуу маселеси чечилди. Биз жакын арада бул иш жүргүзүлөт деп ишенебиз. Торугарт» көзөмөл-өткөрүү пункту боюнча абал бир аз башкача. Мында бийик тоолуу аймак болгондуктан, кыргыз тараптын транспорттук каражаттарды дезинфекциялоосун камсыздоо боюнча инфраструктураны кайда жайгаштыруу боюнча орун, ошондой эле көзөмөл-өткөрүү пункттары аркылуу жүк ташуу көлөмүн жогорутату максатында чек арадагы товарларды кайра жүктөөнү камсыздоочу аянттарды карадык. Бул процесс түшүнүү менен кабыл алынууда», - деди Артем Новиков жана «Торугарт» жана «Эркечтам» көзөмөл-өткөрүү пункттарындагы санитардык талаптарды тыкыр аткаруу менен кадимки режимде иш алып баруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Көзөмөл-өткөрүү пунктун барып көрүүдө Премьер-министрдин м.а. тармактык мамлекеттик органдардын жетекчилери менен кеңешме өткөрдү.

Артем Новиков бир жумалык мөөнөттө өлкө ичинде санкцияланбаган жана эсепке алынбаган товарлардын жүрүү тобокелдигин четке кагуу максатында товарларды жүктөө, дезинфекциялоо, ташуу, электрондук коштомо документтерди тариздөө, өткөрүү пунктунун чегинде товарларды бажылык тазалоо боюнча кошумча мүмкүнчүлктөр боюнча бирдиктүү алгоритмди аныктоону тапшырды.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматына бир жумалык мөөнөттө товарлардын жүрүүсүн автоматтык эсепке алуу, жүк декларациясында кол менен түзөтүү мүмкүнчүлүгү чектелген биридиктүү электрондук маалыматтар базасын уюштуруу боюнча бирдиктүү концепцияны иштеп чыгуу, ошондой эле бул тутумду салмак көлөмдүк көзөмөлгө жана инспекциялык-текшерүү комплексине кошуусу тапшырылды.

«Мен «Торугарт-Автожол» көзөмөл-өткөрүү пунктунун инфраструктурасын өнүктүрүү тапшырмасын бердим. Бажы тутумун модернизациялоонун алгачкы жыйынтыктарын бажы кызматынын борбордук аппаратындагы товарларды эсепке алуунун бирдиктүү операциялык борборун ишке киргизүүдө көрөбүз деп ишенип жатабыз. Аталган борборду ачуу тапшырмасы берилген жана бүгүнкү күндө ал иш жыйынтыкталуучу стадияда турат. Үстүбүздөгү жылдын соңуна чейин борбордун ачылышына жана тийиштүү өзгөрүүлөргө күбө болобуз деп ойлойм», - деп жыйынтыктады Артем Новиков.

Пикир

Оставить комментарий