• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Разаков БУУнун азчылык маселеси боюнча атайын баяндамачысы менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 17.12.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Бириккен Улуттар Уюмунун азчылык маселеси боюнча атайын баяндамачысы Фернан де Варенн менен жолугушту, - деп кабарлайт өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

Жолугушуунун жүрүшүндө вице-премьер-министр Кыргызстандын атайын баяндамачыны кабыл алуусу БУУнун атайын жол-жоболору менен кызматташууга өлкөнүн ачык экенин көрсөтүп турарын жана адам укугун, эркиндигин коргоо, камсыз кылуу боюнча улуттук механизмдерди жакшыртууга даярдыгын белгиледи.

«Кыргыз Республикасынын Баш мыйзамына ылайык, жынысына, расасына, мүмкүнчүлүгүнүн чектелгенине, кайсы бир этноско таандыгы, туткан дини, жаш-курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, социалдык абалы жана башка жагдайлар боюнча эч кимдин басмырлаганга укугу жок. Республикада этникалык топтордун өкүлдөрүнүн укугун коргоо үчүн мыйзам базасы түзүлгөн. Жарандардын укугун жана эркиндигин коргоону камсыз кылуу механизмдерин жакшыртуу жана адам укугун коргоо чөйрөсүндөгү эл аралык милдеттемелерди жүзөгө ашыруу максатында 2013-жылы Өкмөткө караштуу адам укугун коргоо боюнча Координациялык кеңеш түзүлгөн. Сунуштарды аткаруу максатында адам укугун коргоо чөйрөсүндө эл аралык актылардын нормаларын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасы улуттук баяндамалардын сунуштамасы боюнча 2019-жылдын 15-мартында 2019-2021-жылдарга карата адам укугу боюнча Аракеттердин планы кабыл алынган», - деди Жеңиш Разаков.

БУУнун азчылык маселеси боюнча атайын баяндамачысы Фернан де Варенн бул жолугушуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Ал Кыргыз Республикасына жасаган сапарынын максаты тууралуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын бир катар мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү менен жолукканын, муну менен катар Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарына барганын айтты.

Жолугушууда тараптар азчылыктын укугун камсыз кылуу жана коргоо чөйрөсүндөгү актуалдуу маселелерди талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий