• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров “Бишкек” эркин экономикалык аймагына барды

Өкмөт 0

Бишкек, 18.03.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Бишкек” эркин экономикалык аймагындагы өндүрүш ишканаларынын иши менен таанышты.

Анда, министрлер кабинетинин башчысы КМШ өлкөлөрүнө Европада жана Жакынкы Чыгышта фотоэлектрдик күн модулдарын өндүрүү жана жеткирүү, күн энергетикасы жаатында инновациялык долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу менен иштеген “New-Tek LLC” кыргыз-герман компаниясында болду.

Ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасы фармацевтикалык заводдун ачылышына катышты, ал ишке киргизилгенден кийин жүрөк-кан тамыр, эндокринологиялык, ичеги-карын жана жугуштуу оорулар, ошондой эле сийдик бөлүп чыгаруу системасынын оорулары сыяктуу медициналык көрсөткүчтөр үчүн фармацевтиканын 10 түрүн чыгарууну камсыз кылууга даяр.

Министрлер кабинетинин төрагасы “Бишкек”ЭЭАнын өзүн өнүктүрүүгө зор потенциалы бар экенин белгилеп, аны көтөрүү зарылдыгын жана ал үчүн багытталган долбоорлорду ишке ашырууга колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий