• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Абылгазиев: Штабдын чечимдерин аткарбагандык мыйзамга ылайык катуу жоопкерчиликти билдирет

Өкмөт 0

Бишкек, 20.03.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев коомдук тамактануу түйүндөрүнүн ишин токтотууга көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөт башчы бардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана ички иштер органдарына маданий, спорттук, илимий, үй-бүлөлүк, эскерүү жана башка иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салууну күчөтүлгөн көзөмөлгө алууну катуу буйруду.

«Тилекке каршы, өлкөнүн ар башка булуң-бурчунда коомдук тамактануу жайлары ишин улантып жатканы тууралуу маалыматтар түшүп жатат. Адамдар бийликтин сунуштарын капарга албай жатышат. Коркунучтун канчалык деңгээлде экендигин сезбей жаткандар бар. Кайрадан жарандарыбызды эл көп жыйналган жерлерге барбай, жакындарга жана туугандарга, айрыкча карыларга кам көрүүгө чакырам. Биз баарыбыз бириккенде гана коронавируска байланыштуу кырдаалды жеңип чыга турган жагдайда экенибизди түшүнүүгө тийишпиз», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчынын айтымында, бардыгы Өкмөттүн жана Республикалык штабдын чечимдерин кармануулары кажет, аткарбагандарга карата катуу чаралар көрүлөт.

«Башка өлкөлөр бул жагдай менен кантип күрөшкөнүн жана ийгиликтерге кандай жетишкенин көрдүк. Элдин жоопкерчиликсиздиги кандай кесепеттерге алып келерин да күбө болдук. Бардыгы анын кесепети татаал болоорун түшүнүшү керек. Дагы бир жолу кайталайм, зарылдык болбосо үйдөн чыкпаш керек, коомдук байланыштарды түзбөй туруу зарыл. Жугуштуу ооруга кабылган ар бир адам жакындарына өзгөчө кам көрүп, алардан оолак болууга аракет кылышы керек», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев. – Биз вирустун өлкөгө кирүүсүнө даяр болчубуз, бирок бүгүн биз татаал сценарийлерге даяр турушубуз керек. Жоопкерчилик жана тартип өзгөчө маанилүү. Ошондуктан мындай шарттарда штабдын чечимдерин аткарбагандык мыйзамга ылайык катуу жоопкерчиликти билдирет».

Пикир

Оставить комментарий