• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров Маданият министрлигинин коллегиялык жыйынына катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 26.02.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин коллегиялык жыйынына катышты.

Жыйындын жүрүшүндө ведомствонун өткөн жылдагы ишинин жыйынтыгы жана 2024-жылга карата актуалдуу милдеттер талкууланды.

Минкаб башчысы белгилегендей, 2,5 жылдын ичинде маданият тармагына бөлүнгөн бюджет үч эсеге көбөйүп, 2023-жылы 7,1 миллиард сомду түздү.

«Өткөн жылы маданият тармагында бир катар алгылыктуу өзгөрүүлөр болду. Тактап айтканда, жаңы музыкалык аспаптар, артисттер үчүн костюмдар сатылып алынып, театрлар жана мамлекеттик цирк оңдолуп жатат. Мамлекет маданият мекемелеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоону, таланттуу жаштарды колдоону мындан ары да улантат. Областтык жана райондук театрларды, маданият үйлөрүн, музыкалык окуу жайларын оңдоо иштери улантылат. Быйыл Бишкектин жанына этно-маданий комплекстин курулушу башталып, «Манас» театрынын имараты да пайдаланууга берилди», - деди ал.

Акылбек Жапаров маданият мекемелеринде – театрларда, китепканаларда, музейлерде санариптештирүү маанилүү орунду ээлеши керектигин баса белгиледи.

Министрлер кабинетинин төрагасы өлкөнүн өткөн жылдагы спорттук жетишкендиктерин да белгилеп, спорт тармагына өзгөчө көңүл бурулаарын кошумчалады. Акыркы үч жылда спорт тармагына бөлүнгөн бюджет 4 эсеге көбөйүп, 2023-жылы 1,7 миллиард сом бөлүнгөн.

Коллегиялык жыйынынын жыйынтыгында бир катар тапшырмалар берилди.

Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өткөн жыйындын алкагында, минкаб башчысы Акылбек Жапаровго эстрадалык симфониялык оркестр, К.Орозов атындагы оркестр, мамлекеттик симфониялык оркестр, «Ак-Марал» ансамбли жана «Камбаркан» фольклордук-этнографиялык ансамблине сатылып алынган жаңы музыкалык аспаптарды көрсөтүштү.

Пикир

Оставить комментарий