• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров Монголиянын парламентинин төрагасы менен жолукту

Өкмөт 0

Бишкек, 28.02.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстанга расмий сапар менен келген Монголиянын Улуу Мамлекеттик Хуралынын төрагасы Гомбожавын Занданшатар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык, транспорттук, тоо-кен, өнөр жай, туристтик, экологиялык, маданий-гуманитардык тармактарда эки тараптуу кызматташуу маселелеринин кеңири спектрин талкуулашты.

Министрлер кабинетинин башчысы эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары чыңдоого күчтүү түрткү берген президент Садыр Жапаровдун 2023-жылы Монголияга болгон мамлекеттик сапарынын оң жыйынтыктарын баса белгиледи.

Ошондой эле ал Кыргызстандын атамекендик экологиялык таза айыл чарба продукциясын Монголияга жеткирүү жаатында өз ара товар жүгүртүүнү жогорулатуу мүмкүнчүлүгүнө басым жасады.

Жеңил өнөр жай тармагында кызматташуу маселелерин талкуулоодо минкаб башчысы текстиль жана тигүү өнөр жайы артыкчылыктуу тармактар болуп саналаарын, буга байланыштуу Кыргызстан атамекендик продукцияларды коңшу мамлекеттердин гана эмес, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн рынокторуна чыгаруу үчүн Монголиянын бул чөйрөдөгү тажрыйбасын колдонууга даяр экендигин баса белгиледи.

Тараптар ошондой эле туризм тармагында кызматташуу маселелерин талкуулашты. Бул контекстте Монголия менен туризм жаатында кызматташууну активдештирүү, анын ичинде тажрыйба алмашуу, биргелешкен иш-чараларды уюштуруу жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча макулдашууга жетишилди.

Өз кезегинде Улуу Мамлекеттик Хуралдын төрагасы өлкөлөр ортосундагы өз ара мамилелердеги оң динамиканы белгилеп, жакын арада соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынын өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Гомбожавын Занданшатар Кыргызстандын Азия автомобиль жолдору тармагы боюнча эл аралык ташуулар жөнүндө көп тараптуу макулдашууга кошулуусу боюнча Монголия тараптын колдоосун билдирип, бул эки тараптуу жана көп тараптуу форматтагы кызматташтыктын транспорттук-логистикалык жана товар жүгүртүү чөйрөлөрүндө оң нерсе болорун баса белгиледи. Маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү жаатында Монголиянын спикери Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өз ара аракеттенүүгө кызыкдар экендигин билдирип, эки өлкөнүн маданиятынын жалпылыгына жана тарыхына көңүл бурду.

Монголия парламентинин төрагасы кыргыз тарапка биздин өлкөнүн ЖОЖдорунда монгол студенттерине берилген стипендиялык орундар үчүн ыраазычылык билдирип, мындан ары илимий-изилдөө жана билим берүү тармактарында биргелешип кызматташууга чакырды.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча эки тараптуу документтерге кол коюу аземи өттү.

Ошондо төмөнкү документтерге кол коюлду:

1. КР Улуттук банкы менен Монголия Банкынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

2. КР Улуттук банкы менен Монголиянын финансылык жөнгө салуу боюнча Комиссиясынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

3. "Кыргызалтын" ААК менен Монголия Банкынын ортосунда кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум;

4. КР Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги алдындагы Ветеринардык кызмат менен Монголиянын өкмөтүнө караштуу Ветеринариянын башкы башкармалыгынын ортосунда ветеринария жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

5. КР Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги менен Монголиянын аманаттарын камсыздандыруу боюнча корпорациясынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум.

Пикир

Оставить комментарий